Бишкектин 7 конушунда «Жаңы конуштардан чечимдерге: жашыл жана инклюзивдүү Кыргызстан» долбоорунун алкагында экологиялык тренингдер ийгиликтүү аяктады

Тренингдер 2026-жылдын 7-февралынан 28-февралына чейин Ак-Ордо-1, Ак-Ордо-2, Ак-Ордо-3, Мурас-Ордо, Калыс-Ордо, Бакай-Ата жана Рухий-Мурас конуштарында өттү. Иш-чарага мектеп окуучулары жана жергиликтүү тургундар катышып, өз аймактарынын экологиялык көйгөйлөрүн талкуулоого активдүү катышышты.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча билим алышты:
• Конуштардагы экологиялык абал;
• Абанын жана суунун сапаты;
• Кыртыштын деградациясы жана курчап турган чөйрөнүн ден соолукка тийгизген таасири;
• Күнүмдүк жашоодогу жашыл экономиканын принциптери.
Ошондой эле, катышуучулар эко-карталоо ыкмасы менен таанышып, өз конуштарынын аймактарын талдап, көйгөйлүү зоналарды жана көрктөндүрүүгө боло турган жерлерди аныкташты.

📋Программанын өзүнчө бир бөлүгү коомчулук менен иштөөгө, жергиликтүү бийлик менен өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле социалдык долбоорлоонун жана ресурстарды тартуунун негиздерине арналды. Практикалык бөлүмдө катышуучулар өз конуштарын жакшыртуу боюнча жеке мини-долбоорлорун иштеп чыгышып, аларды тааныштыруу менен эксперттерден кеңештерди алышты.

📌Долбоор «Карылар үчүн ресурс борбору» тарабынан Даниянын «A More Inclusive Society» (AMIS) бейөкмөт уюму менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.

Loading

, , ,

Оставить комментарий