Электронный учебник «Цифровая грамотность для пожилых людей»

В современном мире, где всё больше информации и услуг переходит в онлайн-формат, цифровая грамотность становится особенно важной для пожилых людей. Она помогает им оставаться на связи с близкими, активно участвовать в социальной жизни, получать доступ к необходимым услугам,  и чувствовать себя увереннее в цифровом пространстве.

Цифровая грамотность — это не просто умение пользоваться смартфоном или компьютером. Это способность безопасно и уверенно использовать цифровые технологии для улучшения качества жизни.

Этот учебник станет вашим помощником и проводником в цифровой мир.  Мы познакомим вас с основами работы с устройствами, научим пользоваться государственными онлайн-сервисами, расскажем, как защитить себя от мошенников в интернете и получать полезную информацию и услуги онлайн.

Электронный учебник разработан в рамках проекта «Цифровые технологии для расширения прав и возможностей пожилых людей в Кыргызстане», реализуемого Ресурсным центром для пожилых при поддержке Трансперенси Интернешнл и Европейского Союза.

Данный учебник финансируется Европейским Союзом. Ответственность за его содержание лежит исключительно на ОО “Ресурсный центр для пожилых” и не обязательно отражает точку зрения Европейского Союза и Трансперенси Интернешнл.

https://rce.kg/elektronnyj-uchebnik-tsifrovaya-gramotnost-dlya-pozhilyh-lyudej/

———————————————

Маалыматтардын көпчүлүгү жана кызмат көрсөтүүлөр онлайн форматка өтүп жаткан азыркы дүйнөдө, улгайган адамдар үчүн санариптик сабаттуулук өзгөчө мааниге ээ болууда. Бул аларга жакындары менен байланышта болууга, социалдык жашоого активдүү катышууга, керектүү кызматтарга жетүүгө, жана санариптик мейкиндикте өзүн ишенимдүү сезүүгө жардам берет.

Санариптик сабаттуулук – бул жөн гана смартфонду же компьютерди кантип колдонууну билүү эмес. Бул жашоо сапатын жакшыртуу үчүн санариптик технологияны коопсуз жана ишенимдүү колдонуу жөндөмдүүлүгү.

Бул окуу китеби сиздин жардамчыңыз жана санариптик дүйнөгө жол көрсөтүүчүңүз болуп калат. Биз сизди түзүлүштөр менен иштөөнүн негиздери менен тааныштырабыз, онлайн режиминдеги мамлекеттик кызматтарды колдонууну, интернеттеги алдамчылардан кантип коргонууну жана онлайн режиминде пайдалуу маалыматтарды жана кызматтарды алууну үйрөтөбүз.

«Кыргызстанда улгайган адамдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн санариптик технологиялар» долбоору Трансперенси Интернешнлдин жана Европа Биримдигинин колдоосу  менен  «Улгайгандар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмеси   тарабынан ишке ашырылууда.

Бул электрондук  окуу китеби  Европа Биримдиги тарабынан каржыланат. Анын мазмуну үчүн «Улгайгандар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмеси  гана жоопкерчиликтүү жана ал Европа Биримдигинин жана Трансперенси Интернешнлдин көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.

https://rce.kg/elektronnyj-uchebnik-tsifrovaya-gramotnost-dlya-pozhilyh-lyudej-kg/

Loading