«Кыргызстанда улгайган адамдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн санариптик технологиялар» долбоору Трансперенси Интернешнлдин жана Европа Биримдигинин колдоосу менен «Улгайгандар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылууда.
Бул электрондук окуу китеби Европа Биримдиги тарабынан каржыланат. Анын мазмуну үчүн «Улгайгандар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмеси гана жоопкерчиликтүү жана ал Европа Биримдигинин жана Трансперенси Интернешнлдин көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.
Өнөктөштөр жана колдоо
1-бөлүм. Санариптик сабаттуулуктун негиздери
Санариптик түзүлүштөр менен таанышуу (смартфон, планшет, компьютер);
Интернеттен маалымат издөөнүн негиздери;
Электрондук почтаны түзүү жана колдонуу (менен);
Киберкоопсуздуктун негиздери.
Видеосабак
Бул тема боюнча видео окуу куралын бул жерден көрө аласыз
Практикалык тапшырма: Gmail аккаунтун түзүү
Бул тапшырманын алкагында сиз Google компаниясынын Gmail сервисинен жеке электрондук почта аккаунтун түзүшүңүз керек. Бул сизге электрондук каттарды толук кандуу колдонууга, онлайн платформаларга каттоого жана маанилүү билдирүүлөрдү алууга мүмкүнчүлүк берет.
Көп берилүүчү суроолор
2-бөлүм. «Түндүк» порталы – мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүк
«Түндүк» порталына сереп;
Катталуу, кирүү, маалымкаттарды алуу жана арыздарды тапшыруу боюнча кадам-кадам көрсөтмөлөр.
Видеосабак
Бул тема боюнча видео окуу куралын бул жерден көрө аласыз
Практикалык тапшырма: «Түндүк» порталына катталуу жана кызматтардын бирин көрүү.
Бул тапшырманын алкагында сиз «Түндүк» порталында жеке аккаунт түзүшүңүз керек.
Көп берилүүчү суроолор
3-бөлүм. Онлайн каржы коопсуздугу
Жеке маалыматтарды коргоо эрежелери;
Интернет-банкингди колдонуу, кызматтарга төлөө;
Алдамчылык схемаларын таануу.
Видеосабак
Бул тема боюнча видео окуу куралын бул жерден көрө аласыз
Практикалык тапшырма: Алдамчылыкты таануу боюнча тесттен өтүү
Сиз канчалык кылдат экениңизди жана фейк маалыматтарды чындыкта айырмалай билериңизди текшериңиз. Бул сизди интернет-алдамчылардан коргоого жардам берет.
Көп берилүүчү суроолор