Жаңы конуштарда жашоону жакшыртуу

Поделиться:

2023-жылдын 13-14-июлунда Бишкек шаарынын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги  «Карылар үчүн ресурстук борбору» коомдук бирикмеси менен кол коюлган меморандумга ылайык, «Аракет – Кыргызстандын жаңы конуштардагы жашоону жакшыртуу үчүн» деген долбоорунун алкагында «Алтын-Казык» жана «Дордой-2» жаңы конушунун жашоочулары менен диалогдук аянтчага катышты.

Диалогдун жүрүшүндө Өнүктүрүү агенттигинин директору Молдокулов Курманбек Токторович жаңы конуштардын жашоочуларына таштанды сорттоочу жана кайра иштетүүчү комплексин курулушу, шаардын керектөөсүн толугу менен жабуу үчүн заманбап автобустарды сатып алуу, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын башкаруу системасы боюнча шаарды оптималдаштыруу жана реформалоо тууралуу айтып берди.

Белгилей кетсек, Өнүктүрүү агенттигинин демилгеси менен өткөн жыйынга райондук администрациялар, шаардык кызматтар жана муниципалдык ишканалар да катышты.

«АРАКЕТ — Кыргызстандагы жаңы конуштардагы жашоону жакшыртуу үчүн» долбоору «GFA Consulting Group GmbH» компаниясы тарабынан Кыргыз Республикасындагы Швейцария Элчилигинин Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттигинин (SDC) колдоосу менен ишке ашырылууда.  Бул долбоордун алкагында ар бир жаңы конуштун курч көйгөйлөрүн чечүүгө 30 миң АКШ долларынан ашык каражат бөлүнөт.

 

Источник: https://bishkek.gov.kg

Loading


Поделиться: