Биз жердин ээси жана жаратылыштын коргоочулары экенибизди эстедик

Поделиться:

Жаратылышты коргоодо болгон экологиялык көңүл коштуулукка жана жол берүүчүлүккө чыдап турууга болбойт! Бизге ар бир китеби биздин эко-кылмыштарыбыздын күнүмдүүлүгүнөн үрөйүбүз учуп, экологиялык аң-сезимдүү болуубуз үчүн жазылган, сүйүктүү жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун көзү менен өзүбүзгө кароого убакыт келип жетти.

Бул Бишкекте кара түтүнгө тумчугуп жатып катализатолору жок машинаны айдоону улантып, үйлөрдү жылытуу үчүн дөңгөлөктүн резиналарын жана акыр-чикирди жагып, акыр-чикирлер мусор полигонунда кайра иштетилбестен жылдар бою жатарын билип туруп, үй тиричилигинен чыккан акыр-чикирди тамак-аш мусорлору менен чогуу ыргытуу менен метандын абага бөлүнүүсүн көбөйтүп жатып, өзүнөн башкалардын баарын күнөөлөгөн борбор шаарга да өтө актуалдуу. Ал эми үй тиричилигинен чыккан тоодой мусорлор, мал чарбасынан чыккан мусорлор капчыгайларга, дарыянын нугуна ташталып, ал эми көп сандаган кой-козулар эң жакшы деген жайыт аймактарын өлтүрүп жаткан айылдарга да бул орчундуу.

Европа Биримдиги тарабынан каржыланган жана «ГЛИП» Коомдук уюму жана «БИОМ» Экологиялык Кыймылы менен өнөктөштүктө Норвегиялык Айлана-чөйрөнү Коргоо Уюму тарабынан ишке ашырылуучу «Жаштардын климат өзгөрүүсүнө болгон туруктуулугу» долбоору, негизинен биздин замандаштарыбыздын экологиялык аң-сезимдүүлүккө жана ой-жүгүртүүгө, жүрүш-турумга ээ болуусуна арналган уникалдуу элдик универистет болуп саналат.

Жалал-Абад облусунун Кызыл-Көл районунун тургуну Базаркул Жоробаев долбоорго катышкандыгы тууралуу өз ой-пикирлери менен бөлүшөт:

«Долбоор 2020-жылдын ноябрында башталган. Биз алгач конкурс тууралуу жарыяны көрүп, тобокелге барууну чечтик – бизде экологиялык көйгөйлөрүбүз бар жана айылыбыз жаратылышты коргоо аймагынын жанында жайгашкан! Биздин арызыбыз 17нин арасынан тандалган алтоонун ичинде болуп чыкты. Долбоордун өкүлдөрү биздин айылга келгенде, «жаңы нпошникке» ишенбөөчүлүк менен мамиле кылгандар да табылды, баягы эле акча же көчөттөрдү  таратып кетип калат дегендер да болду. Ал эми иш башталганда, алар оюн өзгөртүштү. Көрсө, бейөкмөт уюмдар калктын бир бөлүгү үчүн гана эмес, бүтүндөй айыл үчүн да пайдалуу болушу мүмкүн экен.

Бирок, ошол учурда, биз долбоор түздөн-түз биздин жерге, сууга, айдоо жерине болгон көз карашыбызды өзгөртөт деп ойлогон эмеспиз. Анан дагы күтүлбөгөн нерсе, өзүңө жана жашооңо до. Бул, балким, долбоордун татаал этаптарынын бири болду. Биз айыл жергесинде, тоодо жашайбыз, жаратылыштан баарын алып — аңчылыкка, балык уулоого, чөп чабууга, мал жаюуга көнүп калганбыз…  анын ордуна эч нерсе бербейбиз деп ойлобойбуз. Бизде Кыргызстанда суу океандай, мөңгүлөрүбүз бар — миңдеген жылдарга жетет, үнөмдөөнүн эмне кереги бар?  деп  баары ойлошот,  Ал эми семинарда: мөңгүлөр өтө тез эрип жаткандыктан суу көп, 50 жылдан кийин биздин балдар, неберелерибиз бизге көнүмүш нерсе болгон мөңгүлөрдү көрбөй калышат! Аларда жетишинче суу болобу же жокпу, белгисиз? Бул глобалдык жылуулуктун, климаттын өзгөрүшүнүн таасири. Элдер буга ыңгайланышуу керектиги тууралуу жаңыча жашоону ойлонуусу керек дегендерди угуу бизге күтүүсүз болду.

Уюштуруучулар дароо эле биздин айылдын экологиялык көйөгөйлөрүн бүтүндөй эл менен аңдап, өзүн — өзү баалоону жүргүзүп жана кыйынчылыктарды приоритеттер боюнча тизүүгө тапшырманы коюшту. Биз айыл өкмөттө маалымат чогулттук, мисалы, бизде канча мал бар, канча кайрак жер, кайда сугат жерлер бар, кайсы суулар акпай калган, же селден жана жер көчкүдөн улам элдер  көчүүгө аргасыз болгон. Анан ошонун баарынан карта тартылды.

«Өзүн-өзү баалоо, талдоо, кайра аңдоо мезгили чындыгында татаал, долбоордун бардык катышуучулары үчүн».  — ГЛИИП пилоттук долбоорлорду, жаштардын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугу боюнча «Жашыл климат» долбоорун ишке ашыруу боюнча адиси Азат Аламанов тастыктады. —

Биз талкуулоо учурунда жамааттын өкүлдөрү, абстракттуу бир нерсени эмес, өз балдарынын, неберелеринин келечеги тууралуу ой жүгүртүп, чечүү жолдорун табууга аракет кылганына байкоо салып жаттык. Алардын ар биринде өз жасаган ишине жоопкерчилик ойгонуп жатканы көрүнүп турду. Аксакалдар ар бир адамдын пикирин угууну же чогулушта жок болгон, бирок алардын ой-пикирлерин баалаган жана аларага кулак салган жаштардын пикирине басым жасоону сунуштап жатышты. Аларга ватсап аркылуу чалып же келүүгө чакырык жиберилип жатты. Мисалы, өзүн-өзү баалоо көрсөткөндөй, болгону бир эле Кызыл-Көл айылында калктын болжол менен 40 пайызы аары багуучулук менен алектенет экен. Ошондуктан жаш аары багуучулар тайманбастан сөз алып, үй-бүлөлөрүн алар багарын айтып, мом барактарын табуу дайыма көйгөй болорун, алар чечимди  көрүп жатканын айтышты. Алар Россиядан, Өзбекстандан, кандай жерден болбосун тапшырыкка алынып келинет. Алардын эсеби боюнча, мом жасоочу машина керек. Бул аларга бал челектердин санын көбөйтүүгө жардам берип, кошумча киреше алып келет.

Кызыгы, бардык жамааттардагы аялдар кызматташуу үчүн оңой топтошуп, конкреттүү кырдаалдарда так чечим табышты. Мисалы, койлордун жүнү катуулугунан улам койлорду кырккандан кийин иштетилбейт, таштандыга ыргытылат, өрттөлөт. Эки айылдын жашоочулары тытуучу жана кайра иштетүүчү станок сатып алууга жардам берүүнү суранышты. Бул үй-бүлөгө киреше жана жаратылышка да пайда. Ал эми башка аялдар Алтай чычырканагын өстүрүүнү чечишти. Көрсө, Россияда анын өнөр жайлык «тикенексиз» сорту өстүрүлгөн, ал бир нече жылдан кийин жемиш берет жана бир бадалдан 1,5 сомго чейин акча табууга болот экен.

Кайсы бир айылдарда абалды талдап жатып, мындай сандагы эчки, кой, уй жайыттарга зыян келтирет деген жыйынтыкка келишкен. Кимдир бирөө эчкилерден баш тартты. Ал эми суу ташыгычтардын ролун эшектер аткарган бир айылда 1,5 миң калкка 2 миң эшек туура келет. Алар таза суу менен маселени чечүү үчүн, жана эшектерди кантип бир жерге орноштуруу керек экендигин чечип жатышты.  Кайсы биринде элдер үмүтүн үзүп коюшкан: мурда алар жаңгак терип жашашса, азыр болсо 3 жыл катары менен, алар жазында үшүп калышат. Бийик тоолу айылдын жашоочулары өткөн жылы кар жааганын, аларга жетүүгө мүмкүн болбой, үйүр жылкылары өлгөнү тууралуу айтышты. Мунун баары да өзгөрүп жаткан климаттын белгилери.

Долбоордун эксперттери, мисалы, Россиянын Бүткүл дүйнөлүк жаратылышты коргоо фонду сыяктуу, ондогон жылдар бою өз алдынча ийгиликтүү иштеп келе жаткан, жаратылышты коргоо жана жамааттар менен иш алып баруу боюнча долбоорлордун тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Мындай идеялар банкы долбоордун катышуучуларына туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында климаттын өзгөрүшү боюнча практикалык окуу курсунан өтүүгө жана билим алууга жардам берди.

Мисалы, катышуучуга адамдарды кызыкчылыктар боюнча бириктирүүнүн эң ийгиликтүү жана жемиштүү практикасы — бул жамааттар деп сунуштаган абдан маанилүү. Айылдыктар каттоодон кантип өтүү керектиги боюнча юридикалык кеңеш алышты жана 6 айылдын базасында кызыкчылыктар боюнча 12 жамаат уюштурулду.  Дал ушул жааматтарга долбоорлорду ойлоп табуу сунушталды. Анан дагы аларды айылдыктар, эксперттер менен талкуулап, тааныштырыш керек эле. Муну ийгиликтүү аткаргандар ишти башташты.

— Эң негизгиси, биз мүмкүнчүлүктөрдүн артындагы көйгөйлөрдү көрүп, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга байланыштуу өзүбүздүн долбоорлорубузду түзүүнү үйрөндүк. Биз бул чөйрөдө дүйнөдөгү мыкты тажрыйбалар жана ЕБ тажрыйбасы жөнүндө билдик. – дешет долбоордун катышуучулары.

 

 

Источник: ОО «Молодежное экологическое движение»


Поделиться: