Онлайн-ярмарка вакансий помогает гражданам Кыргызстана определить безопасные пути поиска работы за границей

Поделиться:

Онлайн-ярмарка вакансий помогает гражданам Кыргызстана определить безопасные пути поиска работы за границей.

29 сентября 2021 года, Бишкек, Кыргызская Республика – Информационно-консультационный центр Департамента внешней миграции при МИД КР (далее ИКЦ) провел первую ярмарку «Зарубежных вакансий» в “онлайн” формате. Ярмарка прошла с целью оказания содействия в определении безопасных ресурсов поиска работы для граждан, желающих трудоустроиться за рубежом и для улучшения глобальной ситуации с занятостью, возникшей в результате ограничений, связанных с пандемией.

В ходе встречи более 12 представителей частных агентств занятости и работодателей из Российской Федерации, Республики Корея, Японии, ОАЭ и Турции рассказали о своих актуальных вакансиях и условиях трудоустройства. По итогам прошедшей ярмарки около 1000 граждан Кыргызской Республики получили информацию об актуальных вакансиях в России, Кореи, Японии, ОАЭ и Турции.

“Наша цель сегодня показать оптимизированный процесс легального трудоустройства граждан Кыргызской Республики, направленной на защиту интересов трудящихся мигрантов и содействие их безопасности, а также безопасности их семей во время трудовой миграции,”- сказал Заместитель Министра иностранных дел, г-н Азизбек Мадмаров

В работе ярмарки приняли участие представители государственных органов, частных агентств занятости и работодателей, международных и неправительственных организаций, средства массовой информации и трудящиеся мигранты.

Мероприятие было организовано в рамках реализации проекта Ресурсного центра для пожилых «Усиление взаимодействия мигрантов, уполномоченных государственных органов и общественных организаций для оказания необходимых услуг мигрантам КР» в партнерстве с ИКЦ, при поддержке проекта USAID «Безопасная миграция в Центральной Азии», реализуемого Winrock International.

За дополнительной информацией, пожалуйста, обращайтесь: Юлия Саломатина, PR специалист ОО «Ресурсный центр для пожилых», тел.: +996  (770) 89-18-06; email: pr.rce.kg@gmail.com

————-

Проект по Безопасной миграции в Центральной Азии, финансируемый USAID, реализуется Winrock International в четырех странах Центральной Азии. Целью проекта является противодействие торговле людьми, защита потерпевших и содействие безопасной миграции, путем усиления потенциала и взаимной ответственности правительств, гражданского и частного секторов. Проект является частью комплекса мероприятий USAID в странах Азии, направленных на борьбу с торговлей людьми. Более подробная информация доступна на веб-сайте USAID в Центральной Азии:  https://www.usaid.gov/central-asia-regional и на странице Фейсбук: https://www.facebook.com/USAIDCentralAsia/.

================================================================

Онлайн вакансиялар жарманкеси Кыргызстан жарандарына чет өлкөдө жумуш табуунун коопсуз жолдорун аныктоого жардам берет

 29-Сентябрь 2021-жыл, Бишкек, Кыргыз Республикасы — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментинин Маалыматтык-консультациялык борбору (мындан ары МКБ) алгачкы «Чет элдик вакансиялар»  жарманкесин онлайн форматында уюштурду. Жарманке чет өлкөдө жумуш издеп жүргөн мигранттар үчүн коопсуз жумуш издөө ресурстарын колдонуу жана пандемияга байланыштуу чектөөлөрдүн натыйжасында дүйнөлүк жумуш менен камсыз кылуу абалын жакшыртуу максатында өткөрүлдү.

“Бүгүнкү иш-чара Кыргыз Республикасынын жарандарын мыйзамдуу ишке орноштуруу процесстерин  оптималдаштырууга, эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын коргоого жана мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөлөрүнүн  коопсуздугун камсыз кылууга багытталган”, — деп Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров өз сөзүндө белгилей кетти.

Жарманкеге мамлекеттик мекемелеринин, жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин жана жумуш берүүчүлөрдүн, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, андан тышкары жалпыга маалымдоо каражаттары жана эмгек мигранттары катышты.

Жолугушуу жүрүшүндө Россия Федерациясынан, Корея Республикасынан, Жапониядан, Бириккен Араб Эмираттарынан (БАЭ) жана Түркиядан 12ден ашуун жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин жана жумуш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү  вакансиялар жана ишке орношуу шарттары жөнүндө айтып беришти. Жарманкенин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын 1000ге жакын жарандары Россия, Корея, Жапония, БАЭ жана Түркиядагы актуалдуу вакансиялар жөнүндө маалымат алышты.

Бул иш-чара Карылар үчүн ресурстук борбордун «Мигранттарга зарыл болгон кызматтарды камсыз кылуу үчүн,  ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекемелер, коомдук уюмдар жана эмгек мигранттар арасында  мамилелерди жакшыртуу» долбоору менен МКБ биргеликте,   Winrock International тарабынан ишке ашырылган USAIDдин “Борбор Азиядагы коопсуз миграция” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды .   

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыз: Юлия Саломатина, Карылар үчүн ресурстук борбор, PR адиси, тел.: +996 (770) 89-18-06 ; электрондук дарек: pr.rce.kg@gmail.com

—————

  USAID каржылаган «Борбор Азиядагы коопсуз миграция» долбоору Winrock International тарабынан Борбор Азиянын төрт өлкөсүндө ишке ашырылууда. Долбоордун максаты — өкмөттөрдүн, жарандык жана жеке секторлордун потенциалын жана өз ара жоопкерчилигин күчөтүү аркылуу адам сатууга каршы күрөшүү, курмандыктарды коргоо жана коопсуз миграцияга көмөктөшүү. Долбоор USAIDдин Азия мамлекеттериндеги адам сатууга каршы күрөшүү боюнча иш -чараларынын бир бөлүгү болуп саналат. Көбүрөөк маалымат USAIDдин Борбор Азиядагы веб-сайтында :  https://www.usaid.gov/central-asia-regional жана Facebook баракчасында:  https://www.facebook.com/USAIDCentralAsia/ жайгаштырылган.

Loading


Поделиться: