Пресс-анонс: Медиафорум «Открытые сообщества — открытые СМИ»

Поделиться:

Проект Европейского Союза «Партнёрство общественных советов и СМИ как демократическая платформа для продвижения свободы выражения мнений, подотчётности и прав человека» приглашает СМИ принять участие в медиафоруме на тему «Открытые сообщества — открытые СМИ».

Мероприятие состоится 25 ноября 2020 года с 09:30 до 17:00 в гостинице «Достук», конференц-зал “Империал Конгресс-холл”, 2-й этаж (улица Фрунзе 429Б/Ибраимова).

На площадке медиафорума будут презентованы цели и задачи проекта, а также заслушаны предварительные итоги исследования «Роль формирования информационного пространства в регионах Кыргызской Республики. Что происходит в регионах?».

В рамках панельных сессий состоится обмен мнениями между приглашенными участниками по вопросам взаимодействия государственных и местных органов власти с представителями СМИ, формирования информационного пространства в регионах, свободы слова и выражения мнений в Кыргызской Республике. В мероприятии примут участие представители государственных органов, СМИ, органов местного самоуправления, общественных советов, международных организаций и гражданского общества.

Проект реализует консорциум неправительственных организаций Институт им. Густава Штреземанна (Германия), «Ресурсный центр для пожилых» (Кыргызстан), Pro NGO! e.V. (Германия) и «Поколение XXI» (Кыргызстан). Проект реализуется с ноября 2019 года по октябрь 2021 года при поддержке Европейского Союза.

===================

Европа Биримдигинин «Коомдук кеңештердин жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өнөктөштүгү ой-пикирлерди эркин билдирүү, отчет берүү жана адам укугун алдыга жылдыруунун демократиялык платформасы катары» долбоору Жалпыга маалымдоо каражаттарын «Ачык коомчулук – ачык ЖМК» темасындагы медиафорумга катышууга чакырат.

Иш-чара 2020-жылдын 25-ноябрында саат 09:30дан 17:00гө чейин Бишкектин «Достук» мейманканасында, «Империал Конгресс-холл» конференц-залында, 2-кабатта өтөт (Фрунзе 429Б/Ибраимов көчөсү менен кесилишет).

Медиафорумда долбоордун максаты жана тапшырмасынын бет ачары өтүп, «Кыргыз Республикасынын региондорундагы маалыматтык айдыңды орнотуунун ролу. Региондордо эмне болуп жатат?» аттуу иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгы угулат.

Панелдик сессиялардын алкагында чакырылган катышуучулар ортосунда мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ЖМК өкүлдөрү менен өз ара баарлашуусу, региондордо маалыматтык айдыңды орнотуу, Кыргыз Республикасындагы сөз жана ой-пикирди билдирүү эркиндиги суроолору боюнча пикир алмашуу болот. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, ЖМКлардын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын, коомдук кеңештердин, эларалык уюмдардын жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү катышат.

Долбоорду Густав Штреземан Институту (Германия), Pro NGO! e.V. (Германия), «Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбору» (Кыргызстан), «XXI Кылым мууну» коомдук фонду (Кыргызстан) бейөкмөт уюмдар Консорциуму жүзөгө ашырууда. Долбоор 2019-жылдын ноябрь айынан 2021-жылдын октябрь айына чейин Европа Биримдигинин колдоосу менен жүзөгө ашырылууда.

Loading


Поделиться: