Ош шаарында журналисттер окутуудан өтүштү

Поделиться:

Ош шаарындагы «Экодом» мейманканасында 2020- жылдын 20-ноябрында «Ачык коом- ачык медиа» уюму тарабынан аймактык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү (ММК), кичи коомдук кеңештеринин мүчөлөрү, аймактык телевидениялардын кабарчылары жана жарандык активисттер катышышты.

Тренингдин катышуучулары 

Тренинг эртең менен 9:00 дө башталып, кечки саат 17:00 го чейин уланды. Иш чарага жалпы 25 адам катышышты. Тренинг учурунда бир нече темалар боюнча талкуулар, теориялык, практикалык ишмердүүлүктөр ишке ашты.

Салкын Сарногоева тренинг өтүп жаткан учур

«Маалымат пандемия учурундагы ММК ишмердүүлүгү» боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору Салкын Сарногоева бир нече кичи темалардын үстүндө иш алып барды.

Жаңы медиа-жаңы талап;

  •  Санарип укук. Автордук укук;
  • Жеке жашоо укугу;
  • Санарип этикасы. Кастык тил
  • Интернет куугунтуктоо. Социалдык тармактардагы куугунтукка жана чагымчылдыкка кантип туруштук берүү керек?

Курч маселелерди жана темаларды кантип сабаттуу чагылдыруу керек?- деген темалар боюнча кеңири түшүнүк берди.‏

Тренер Зафарбек Сулайманов тренинг өтүп жаткан учуру

Тренер Зафарбек Сулайманов «Социалдык тармактарда жана мессенжерлерде иштөө, фейк жана анын түрлөрү, фейк маалыматтарды кантип аныктоо боюнча катышуучулар менен биргеликте практикалык иш жүргүздү.

Тренинг катышуучусу Дарбишова Айлар тренингдин уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип жаткан учуру

Кызыл-Булак жамааттык мультимедиа борборунан Айлар Дарбишева иш-чаранын пайдалуу болгондугун белгилеп, тренерлерге жана «Ачык коом-ачык медиа» долбоорунун тренингди уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдирди.

 

Таңнуру Жалалова 

 

Источник: http://kyrgyzmedia.kg/

Loading


Поделиться: