Нарында журналисттер санарип сабаттуулук боюнча окуудан өтүштү

Поделиться:

Бүгүн Нарын облусундагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө маалыматтык пандемиянын шартында санарип сабаттуулук боюнча атайын окуу өткөрүлдү. «Ачык коомчулук-ачык маалымат каражаттары» деп аталган бул долбоордун максаты-сөз эркиндигин жана өз пикирин билдирүүнү илгерилетүү аркылуу адам укуктарын коргоо болуп саналат.

Окутуунун катышуучулары

Журналисттер окутуу учурунда

Бүбүсара Бабакулова Долбоордун аймактын өкүлү

Долбоордун аймактын өкүлү Бүбүсара Бабакулова: «Долбоор коомдук кеңештердин, жарандык активисттердин ЖМК менен биргеликте пикир алмашуусуна, адам укуктары жана медиа чөйрөсүндө билимдерин тереңдетүүгө багытталган. Ошондой эле журналисттердин жергиликтүү бийлик органдары менен жаматтардагы маселелерди чечүүгө катышуусуна мүмкүнчүлүк түзөт»,- дейт.
Окутуунун жүрүшүндө журналисттер санартиптик из, санариптик укук жана социалдык медиадагы жеке баракчаны туура жүргүзүүнү, Google интернет желесинин мүмкүнчүлүктөрү туурасында билимдерин жогорулатышты.
Prevention Media аналитикалык платформанын негиздөөчүсү жана башкы редактору Алмаз Исмановдун айтымында социалдык медиада, мессенджер тиркемелеринде маалымат жана сүрөттөрдү жарыялоодо этият болуу керек. Анткени ал жарыялагандан кийин маалыматы же сүрөтү жакпай калса белгилүү бир убакыттын (5сек) ичинде өчүрүп салууга болот. Андан убакыт ашып кетсе жеке баракчада өчүрүлгөнү менен ал ошо медиада же мессенджерде санариптик из (цифровой след) болуп кала берет.

Барчын Мамытбекова

Loading


Поделиться: