Поделиться:

Семинар Европа Бирилигинин «Ачык коом — ачык массалык маалымат каражаттары» долбоорунун алкагында уюштурулду.

Бүгүн Талас шаарындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун жыйындар залында «Маалымат пандемия учурундагы санарип сабаттуулук» аттуу семинар тренинг өтүүдө.

Семинар маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулуп, семинарга борбордон маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директорунун орун басары Бектур Ибрагимов катышууда.
Prevention Media аналитикалык платформанын негиздөөчүсү жана башкы редактору Алмаз Исманов аймактык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана жарандык активисттерге маалымат пандемия учурундагы ММК ишмердүүлүгү тууралуу кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды берип, ынанымдуу фактылар менен коштолгон учур талабына жараша жашообуздагы маалыматтык сабаттуулук багыттарын айтып берди.

Семинарда санарип этикасы, социалдык медиаларда иштөө шарты, курч темаларды чагылдыруу тартиби тууралуу кеңири маалымат берилди.
Бүгүнкү күндө социалдык медиаларда көзү карындай жайнап окурманга, көрөрмандарга сунушталган маалыматтын кайсынысы расмий кайсынысы фейк экенин ажыратуу кыйын.

Жергиликтүү журналисттер Алмаз Исмановдон керектүү маалыматтарды алып, жаңылык, кабарларды социалдык медиаларда жарыялоодогу артыкчылыктар жана катачылыктар тууралуу суроолорго жооп алышты.

 

Источник: http://talas.kyrgyz.media/index.php?r=site%2Fnews-detail&id=2594http://talas.kyrgyz.media

Loading


Поделиться:
, ,